Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 8
Кеңешке ысым ыйгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 10.03.2022-жылдагы № 01-18/160 чыгыш сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Чаткал районунун жана айылдык кеңештеринин түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө зор салымын кошкон Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, коомдук ишмер Сапарбек Кубатбековдун ысымын Каныш-Кыя айылдык кеңешине ыйгаруу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун жана Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу бардык айылдардагы элдик жыйындардын протоколу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешине Чаткал районунун түптөлүшүнө жана өнүгүүсүнө зор салымын кошкон Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, коомдук ишмер Сапарбек Кубатбековдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Коомдук ишмер С.Кубатбековдун ысымын айылдык кеңешке ыйгарууда мыйзамга ылайык жогорку органдарга сунуш берүү боюнча иш алып баруу жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |