Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 9
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имамы У.Акуловдун кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн имамы У.Акуловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылында жайгашкан борбордук мечиттин жылуулук системасын курууга долбоор сметасы даярдалсын, акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин, иш алып баруу жагы К.Смаиловго тапшырылсын
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |