Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 10
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу жана Кара-Булак айылдарынын айыл башчыларынын кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу жана Кара-Булак айылдарынын айыл башчыларынын кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу жана Кара-Булак айылдарындагы тургундардын үлуш жерлерине себилген арпа, буудай жана көп жылдык тоют чөптөрдү малдан сактоо үчүн Кары-Суу айылынын айыл башчысы А.Канаевге 19 600 (он тогуз миң алты жүз) сом, Кара-Булак айылынын айыл башчысы Ө.Эшкуловго 20 800 (жыйырма миң сегиз жүз) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн башчысы К.Смаиловго, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |