Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 11
Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка авто жолундагы асфальтты сактоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 18.04.2022-жылдагы № 01-18/233 кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
6. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
7. Каныш-Кыя айыл аймагы аркылуу кесип өткөн Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка авто унаа жолунун 111-112 жана 180 чакырымындагы жаңыдан төшөлүп жаткан асфальттын сапаты алтын кенин иштеткен компаниялардын оор жүк ташуучу авто унааларына туруштук бере албай бузулуп жаткандыктан, алдын алуу максатында жүк ташуучу авто унааларга 12 тоннадан ашык жүк ташуусуна тыюу салынсын.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн башчысы К.Смаиловго, социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |