Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 12
Эгембердиева Бегимбүбүнүн кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айылынын тургуну Эгембердиева Бегимбүбүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылынын тургуну Эгембердиева Бегимбүбүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Эгембердиева Бегимбүбүнүн жашап жаткан үйү 21.03.2022-жылдагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөөдө жашоого жараксыз абалга келип, жаңыдан курууга турмуш шарты оор болуп өзүнүн мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин жана курулуш иштерине көмөктөшүүнү уюштуру жагы Каныш-Кыя айылынын айыл башчысы Эралы уулу Урматка милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн башчысы К.Смаиловго, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |