Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 13
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы № 54 жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы №54 жарлынын ишке ашыруу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 08.04.2022-жылдагы № 01-18/209 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 08.04.2022-жылдагы № 01-18/209 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнундө” Жарлыгына ылайык Чаткал районунда каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөттүн, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан иштелип чыккан жобо бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби,жер аталышты корго, экологияны коргоожана этика боюнча туруктуу комиссиянын курамы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |