Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 15
Суу тартуу боюнча долбоор смета даярдоо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты И.Нармырзанвдин Каныш-Кыя айылындагы Маданият участкасын көрктөндүрүүгө Кайың-Суу каналы аркылуу суу жетпегендиктен Чаткал дарыясынан насос аркылуу суу тартуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
11. Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты И.Нармырзаевдин сунушу эске алынсын.
12. Каныш-Кыя айылындагы Маданият участкасын көрктөндүрүүгө Кайың-Суу каналы аркылуу суу жетпегендиктен Чаткал дарыясынан насос аркылуу суу тартууга долбоор сметасы даярдалсын, акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин, иш алып баруу жагы К.Смаиловго тапшырылсын.
13. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
14. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
15. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |