Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 1
Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнүн башчысы К.Смаиловдун 16.05.2022-жылдагы №01-18/295 чыгыш сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгондөй Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка авто жолунун 140-155 чакырымына асфальт төшөө үчүн сметада көрсөтүлгөн акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо боюнча карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнүн башчысы К.Смаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка авто жолунун 140-155 чакырымына асфальт төшөө үчүн долбоор сметада көрсөтүлгөн 9 км жолго 104 417 506 (жүз төрт миллион төрт жүз он жети миң беш жүз алты) сом жана 6 км жолго 72 508 871 (жетимиш эки миллион беш жүз сегиз миң сегиз жүз жетимиш бир) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине, иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |