Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 2
Каныш-Кыя айылына ысым ыйгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 14.05.2022-жылдагы № 01-28/277 чыгыш сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Чаткал районунун түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө зор салымын кошкон коомдук ишмер Темиркул Кошбаевдин ысымын Каныш-Кыя айылына ыйгаруу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун жана Каныш-Кыя айылынын элдик жыйынынын протоколу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылына Чаткал районунун түптөлүшүнө жана өнүгүүсүнө зор салымын кошкон коомдук ишмер Темиркул Кошбаевдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Коомдук ишмер Т.Кошбаевдин ысымын Каныш-Кыя айылына ыйгарууда мыйзамга ылайык жогорку органдарга сунуш берүү боюнча иш алып баруу жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |