Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 3
Жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдарда турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган жардамга муктаж жарандардын кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кайың-Суу айылынын тургуну II-топтогу майып Кудайкулов Абылгазыга дарыланууга баруу үчун 15 000 (он беш миң) сом, Коргон-Сай айылынын тургуну Абдували кызы Бегимайга кызы Наралиева Гүлдананын жүрөгүн дарылантууга 25 000 (жыйырма беш миң) сом, Каныш-Кыя айылынын тургуну Абдыкайым кызы Даткайымга жүрөгун даарылантууга 25 000 (жыйырма беш миң) сом, акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитеттерине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликев |