Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 4
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Чаткал райондук балдар чыгармачылык үйүнун директору К.Молдобековдун 27.04.2022-жылдагы №62 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал райондук балдар чыгармачылык үйүнун директору К.Молдобековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 18.02.2022-жылдагы № 223/1 буйругунун негизинде “Ысык-Көл балдардын көзү менен” аттуу балдардын коомдук уюмдарынын жана бирикмелеринин лидерлеринин эл аралык слету болуп жаткандыктан Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу мектептерден жалпы 33 окуучу жана 3 мугалимдин барып келүү жол акысына 108 000 (жүз сегиз миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |