Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 5
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы кайрылуусун кароо жөнүндө
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Чоңатаевдин 16.05.2022-жылдагы № 3 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын башчысы М.Чоңатаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. ”Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасына алынып жаткан атайын техникалардын айдоочуларынын эмгек акысы жана социалдык төлөмдөрүнө 1 311 960 (бир миллин үч жүз он бир миң тогуз жүз алтымыш) сом, алынган техникаларды Бишкек шаарынан алып келүү үчүн күйүүчү майлоочу майларга жана сапар чыгымдарына түзүлгөн эсеп боюнча 161 320 (бир жүз алтымыш бир миң үч жүз жыйырма) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен субсидия катары бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |