Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 6
Зыян келтирген малдарга айып пул салуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындын 16.04.2022-жылдыгы №1 токтомуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагындагы көп жылдык чөптөргө, эгин аянттарына түшкөн малдарга айып пул салуу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы К.Смаиловдун 13.05.2022-жылдагы №01-18/275 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындын 16.04.2022-жылдыгы №1 токтомуна ылайык,Каныш-Кыя айыл аймагындагы көп жылдык чөптөргө, эгин аянттарына түшкөн малдарга айып пул салуу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы К.Смаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдарда ар бир айылдын тургундары менен өткөрулгөн чогулуштарында кабыл алынган токтомдору бекитилсин, көп жылдык чөптөргө, эгин аянттарына зыян келтирген малдарга май айынан баштап түшүм жыйноого чейинки убакта эскертүүсүз 1000 (бир миң) сомдон айып пул салынсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловго, көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |