Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 7
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Чаткал райондук ветеринардык мамлекеттик кызматынын башчысы М.Мырзабаевдин 17.05.2022-жылдагы №36 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал райондук ветеринардык мамлекеттик кызматынын башчысы М.Мырзабаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардагы малдарга жугуштуу ылаңдарды алдын алуу максатында 52 500 (элүү эки миң беш жүз) сом, кара малдардын асылдуулугун жогорулатуу негизинде эт, сүт багытындагы уйлардын жасалма уруктарын алып келүү үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |