Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 8
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевдин 17.05.2022-жылдагы №21 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кобинетинин 11.03.2022-жылдагы №37 токтомуна ылайык 2022-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки айыл чарба жарлерин пайдалангандар үчүн жер салыгы 0 (нөл) пайыз менен көрсөтүлгөндүктөн, жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшкөн каражаттарын толук өлчөмдө жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жана жайыт комитетин күтүүгө берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевге, көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |