Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 9
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевдин 16.05.2022-жылдагы №20 чыгыш санду кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн 11.04.2022-жылдагы чогулушунун протоколуна ылайык төмөндөгүлөр бекитилсин:
- Жайыт пайдалануудагы акылардын, салыктык төлөмдөрүндөгү өзгөрүүлөр боюнча жыл башынан бери айрым жайыт пайдалануучуларга берилип калгандыгын жана айрымасы аз өлчөмдө экендигин эске алып, жайыт төлөмдөрү салыктагы бошотулган өлчөмүндө кошулуп төлөй берүү жагы каралсын.
- Жайыт комитетинин 2022-жылга инфраструктурасын жакшыртуу максатында планы бекитилсин.
- Жайыт жерлерин башка максаттарга пайдаланууга берүүдө айрым көп жылдык чөп өстүрүүгө ыңгайлуу жерлер 10 (он) гектардан ашык эмес өлчөмдө, чөп чабууга кайра бөлүштүрүү жерлеринин баасынан төмөн эмес өлчөмдө берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевге көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |