Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 10
Социалдык абалын карап чыгуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айлынын айыл башчысы И.Максымбековдун кайрылуусун канаттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айлынын айыл башчысы И.Максымбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айлынын айыл башчысы И.Максымбековдун кайрылуусунун негизинде Мырзабекова Элмиранын үй бүлөлүк шарты менен таанышып, иш алып баруу жагы социалдык маселелер бонча турукту комитетке тапшырылсын, корутундусу кийинки сессияга сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары У.Качканаковго тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |