Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 11
Долбоор сметасын даярдоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына карашуу Чакмак-Суу айылынын тургундарынын кайрылуусун канаттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына карашуу Чакмак-Суу айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылында бала бакча үчүн “Красный уголок” ЖЧКсы тарабынан курулган фундаментке кошумча актовый зал, кир жуучу бөлмө, чечинүүчү бөлмө, чакан тазалык жана бет жуучу бөлмө куруу боюнча долбоор сметасы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен даярдалсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |