Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 12
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы К.Смаиловдун 16.05.2022-жылдагы № 01-18/287 чыгыш сандуу кайрылуусун ишке ашыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы К.Смаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счетуна соц пакеттин эсебинен ар тараптуу демөөрчүлүк иретинде тушкөн:
- Коргон-Сай айылындагы библиотекага китеп алып берүү үчүн 50 000 сом,
- Коргон-Сай айылынын тургуну Д.Надырбековага 50 000 сом,
- Айгыр-Жал айылынын тургуну Д.Эргешовго 50 000 сом,
- Каныш-Кыя айылынын тургуну Г.Ибраеваны больницага алып барууга 300 000 сом.
- Каныш-Кыя айыл аймагынын стратегиялык планын иштеп чыгууга 315 095 сом акча каражаттарын өз багытында жумшоого жана план алууга уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |