Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 13
Статияга жылдыруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы К.Смаиловдун 16.05.2022-жылдагы № 01-18/287 чыгыш сандуу кайрылуусун ишке ашыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы К.Смаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасында бал челек алууга 1 000 000 (бир миллион) сом жана Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кировка авто унаа жолунун Каныш-Кыя айылы аркылуу өткөн жээгин, Жер-Капчыгай айылынан Кормоцех участкасына чейинки жер тилкесин көрктөндүрүүгө бөлүнгөн 2 000 000 (эки миллион) сом, жалпысынан 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражатын чыгашалар беренесинен 22221100 статьясына жылдырууга уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |