Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 14
Акча каражаттарын жылдырууга уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы К.Смаиловдун 16.05.2022-жылдагы № 01-18/288 чыгыш сандуу кайрылуусун ишке ашыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы К.Смаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдагы социалдык-экономикалык программасына киргизилип 2021-жылдагы жергиликтүү салыктан жана жыйымдардан калган акча каражаттарын бекитүүдө ДСДсы толук бүтпөй калган тиркемедеги 15 обьектилердин 62 258 650 (алтымыш эки миллион эки жүз элүү сегиз миң алты жүз элүү) сом акча каражаттарын башка жумуштарга жылдырууга уруксат берилсин.
3. 2021-жылда жергиликтүү салыктан жана жыйымдардан калган 62 258 650 (алтымыш эки миллион эки жүз элүү сегиз миң алты жүз элүү) сом акча каражаттарын тиркемеге ылайык аткарыла турган жумуштарга жумшоого уруксат берилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловго жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |