Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 17
Орнотулган тирөөчтөрдү жылдыруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык кеңешине Айгыр-Жал айылынын тургундарынан келген кайрылууну карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылынын тургундарынан келген кайрылуу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айлындагы С.Нармырзаев атындагы айылдын башкы көчөсүн жарыктандырууда тротуар салынуучу жерге жарыктандыруунун тирөөчтөрү орнотулуп калгандыктан, орнотулган тирөөчтөр асфальттын кырынан 5-6 метр тундүк тарабына жылдырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн башчысы К.Смаиловго, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |