Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 19
Тирөөчтөрдү алмаштыруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык кеңешине Кара-Булак айылынын Маңдай участкасынын тургундарынан келген кайрылууну карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылынын Маңдай участкасынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылынын Маңдай участкасындагы цемент-темир тирөөчтөр, чоң жолго жана тратуарга эки жактама жарык берүүчү метал тирөөчтөргө алмаштырылып берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн башчысы К.Смаиловго, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |