Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 17-майы № 20
Кыска мөөнөттү тайпа ачуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылындагы “Наристе” МЧББУнун жетекчиси А.Козубаеванын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
Токтом кылат:
1. “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси А.Козубаеванын кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылындагы “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы бош бөлмөсүнө “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмуна “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде үч сааттык мөөнөттүү тайпалар ачылсын.
3. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги имаратка ачылган үч сааттык кыска мөөнөттүү тайпаларда эмгектенген тиешелүү кызматкерлердин эмгек акыларын бюджетке киргизүү жагы Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн жана “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун ишке ашыруу үчун тиешелүү иш кагаздарын көзөмөлдөө жагы “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |