Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2022-жылдын 13-июну № 1
Акжол кызы Гүлзаданын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 30.05.2022-жылдагы № 01-18/318 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун кайрылуусунда көрсөтүлгөн Акжол кызы Гүлзаданын арызы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Акжол кызы Гүлзаданын жолдошу Чоңатаев Мундуз тез аранын ичинде жүрөгун операция жасатууга 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп, айыл Өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын активдер жана милдеттенмелер менен аткарымдар классификациясынын 3111 чыгашалардын экономикалык беренесинен 80 000 сом кыскартылып, башкаруу аппаратынын 27211500 чыгашалардын экономикалык беренесине жылдырып берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |