Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2022-жылдын 13-июну № 2
Соц пакеттен түшкөн акча каражаттарын которуп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 13.06.2022-жылдагы № 01-18/340/1 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы кен казган компаниялардан айыл өкмөттун атайын каражаттар эсеп-счетуна түшкөн акча каражатынын эсебинен жардам иретинде турмуш шарты оор жана ден соолугу боюнча төмөнкү жарандарга өз багытында план алууга жана которуп берүүгө уруксат берилсин.
- Баймырзаев Самидин көзунө операция жасатууга 20 000 сом,
- С.Рысбаевага кызы Максатбек кызы Уулайдын контрагын төгүүгө 19 000 сом,
- Жакыпбеков Нарсеит көп жылдан бери ооруганына байланыштуу 25 000 сом.
- Ж.Молдобекова турак жай үйүн бүтүрүп алууга 30 000 сом,
- К.Исманова балдарына мектепке кийим кече алууга 20 000 сом,
- С.Жээнтаев көп жылдан бери буту ооругандыктан дарыланууга 15 000 сом,
- Ж.Умарбеков кулатуу мушташы, боевой самбо жана греко-рим күрөшү боюнча зборго барууга 40 000 сом,
- Коргон-Сай айылында жаштар арасында волейбол оюнун өткөрүүгө 15 000 сом.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |