Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2022-жылдын 13-июну № 3
Айыл Банк ачык акционердик коомуна акча каражаттарын которуп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 13.06.2022-жылдагы № 01-18/340/1 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасына Айыл Банк ачык акционердик коому тарабынан “Лизинг” аркылуу алынып келген атайын техникалардын төлөмдөрүнүн графиги боюнча алгачкы төлөмүн төгүү үчүн 402 673 (төрт жүз эки миң алты жүз жетимиш үч) сом 42 тыйын акча каражатын айыл Өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын активдер жана милдеттенмелер менен аткарымдар классификациясынын 3111 чыгашалардын экономикалык беренесинен 402 673 (төрт жүз эки миң алты жүз жетимиш үч) сом кыскартып, Тазалык мунуципалдык ишканасына 25121100 чыгашалардын экономикалык беренесине жылдырып берүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |