Редакцияот 19.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы

2021-жылдын 19-ноябры № 5-1

“Талаа-Булак айылындагы Көк-Булак участкасына Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жакыр тургундарына турак жай конушун куруу” жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун билдирүүсүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талаа-Булак айылына караштуу Көк-Булак участкасында социалдык объектилерге каралган 2,0 га муниципалдык жерге, айыл аймактын жакыр жашаган үй бүлөлөрүнө муниципалдык турак жай конушун (комплекс: турак жайлар, тигүү цехи, ФАП, балдар ойноочу жай) салууга уруксат берилсин

 

2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т. Джороев