Редакцияот 19.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы

2021-жылдын 19-ноябры № 5-4

“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө жана саламаттыкты сактоо тармагында зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

- Толонова Айнура Нажимидиновна-Б. Калымбетов атындагы орто мектебинин орус тили мугалими;

- Бөлөкбаева Кыздаркан Анашовна-Ы. Чанаков атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими;

- Ахматалиева Гульнур Уркунбаевна- Б. Калымбетов атындагы орто мектебинин директорунун чарба иштери боюнча орун басары;

- Калымбетова Насыйкат Чотуровна-Сузак райондук социалдык жактан өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси;

- Ахмерова Миясар Сабыровна-№10 ҮДТ улуу медайымы;

- Турдалиев Нурдин Адишалиевич-мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча инспектору;

 

2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т.Джороев