Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги(кезексиз) V сессиясы
2021-жылдын 5-октябры № 5-1
Төрөгелди Балтагуловдун 100-жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Назарбековдун Т.Балтагуловдун 100-жылдыгын өткөрүү тууралуу маалыматы менен айыл кеңешинин төрагасы Э.Исманов айыл кенешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрөгелди Балтагуловдун 100-жылдык маарекесин уюштуруу жана өткөрүүгө жергиликтүү бюджетинин эсебинен 100000(бир жүз миң)сом акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджетинин эсебинен 100000(бир жүз миң)сом акча каражатын ажыратуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Назарбековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн
4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы : | Э.Исманов |