Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2021-жылдын 9-февралы № 1/2
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылга болжолдуу долбоору жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана 2022-2023-жылга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө, финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткрылышы жөнүндө ФЭБ башчысынын отчёту “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешесинин көлөмү 12360,7 (он эки миллион үч жүз алтымыш миң жети жүз) сом, өздүк киреше 4803,3 (төрт миллион сегиз жүз үч мин үч жүз) сом, атайын каражат 565,2 (беш жүз алтымыш беш миң эки жүз) сом, теңдөөчү грант 6749,9 (алты миллион жети жүз кырк тогуз миң тогуз жүз) сом, жайыт кирешеси 242,3 (эки жүз кырк эки миң үч жүз) сом, жалпы 12360,7 (он эки миллион үч жүз алтымыш миң жети жүз) сом суммасында (№1 тиркемеге ылайык) бекитилсин.
3. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана трансферттеринин көлөмү (№2 тиркемеге ылайык) бекитилсин жана өздүк бекитилген киреше мурунку жылдын фактысына негиз бекитилсин.
4. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү 12360,7 (он эки миллион үч жүз алтымыш мин жети жүз) сом (№3 тикемеге ылайык) бекитилсин.
5. 2020-жылы пайдаланылбай калган 5214713,23 (беш миллион эки жүз он төрт мин жети жүз он үч сом 23 тыйын) акча каражаты айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына чыгымдоо жагы каралсын. (№4 тиркеме тиркелет)
6. 2020-жылдын атайын каражатындагы пайдаланылбай калган 71930 (жетимиш бир мин тогуз жүз отуз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн түрдүү чыгымдарын камсыздоо үчүн жумшалсын. (№5 тиркемеге негиз)
7. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге (айлык акы, соц. фонд, тамак аш, көмүр, байланыш, электр энергиясына) калган суммасы башка түрдүү беренелерге жумшалсын.
8. Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн.
9. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесине ылайык жалпы жылдык бюджеттин 1% өлчөмүндө 124000,00 (бир жүз жыйырма төрт мин) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фонду түзүлсүн.
10. Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кеңешке сунуш берүү жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
11. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрү боюнча аткаруу айыл өкмөтүнүн салык инспекторуна милдеттендирилсин.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомуна негиз айыл өкмөттүн 5 (беш) айыл башчы оруну, 2 (эки) кызматкер аскердик учетко алуу орунунун деңгээлинде каралып бекитилсин.
13. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жыл башына 2021-жылга жүгүртүлүүчү накталай акча каражаты 217000,0 (эки жүз он жети мин) сом өлчөмүндө бекитилсин.
14. Жогорудагы аныкталып бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетине билдирүү берип туруу жагы финансы экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
15. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго жана финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Барпиев. |
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХХI сессиясынын №1/2 токтомуна №1-тиркеме. |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн эсеби.
№п/п | Класификации | Кирешенин аталышы | сумма |
Салыктык кирешелер. | |||
1. | 11111100 | Киреше салыгы | 2101,0 |
2. | 11122100 | Милдеттүү патент | 4,5 |
3. | 11134200 | Ыктыярдуу патент | 120,0 |
4. | 11311100 | Кыймылсыз мүлккө салык | 5,0 |
5. | 11312100 | Там арка жана жер участоктору үчүн жер салыгы | 150,0 |
6. | 11312200 | Айыл чарбасына жарактуу жерлердин салыгы | 133,8 |
7. | 11312300 | Айыл чарбасына жараксыз жерлердин салыгы | 296,0 |
8. | 11361200 | Жеке адамдардын транспорт салыгы | 328,0 |
9. | 11412100 | Сатуудан түшкөн салык | 0,0 |
|
| Бардыгы: | 3138,3 |
Салык эмес кирешелер. | |||
10. | 14152600 | Жер аренда салыгы | 150,0 |
11. | 1423 | Ар кандай кызматтар үчүн төлөмдөр | 565,2 |
12. | 11442130 | Роялти | 230,0 |
13. | 14151200 | Лицензияны кармап туруу | 1155,0 |
14. | 14511400 | Инфра структураны көтөрүү | 130,0 |
|
| Бардыгы: | 2230,2 |
|
| Теңдөөчү грант | 6749,9 |
|
| Жайыт акы | 242,3 |
|
| Жалпы: | 12360,7 |
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Барпиев. |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
С.Мамытов. |
ФЭБ башчысы: | Э.Алымкулов. |
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХХI сессиясынын №1/2 токтомуна №2-тиркеме. |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджетинин расчету.
№п/п | Класификации | Кирешенин аталышы | 2021 сумма | 2022 сумма |
Салыктык кирешелер. |
| |||
1. | 11111100 | Киреше салыгы | 2221,0 | 2317,0 |
2. | 11122100 | Милдеттүү патент | 4,5 | 4,5 |
3. | 11134200 | Ыктыярдуу патент | 120,0 | 120,0 |
4. | 11311100 | Кыймылсыз мүлккө салык | 5,0 | 5,0 |
5. | 11312100 | Там арка жана жер участоктору үчүн жер салыгы | 150,0 | 150,0 |
6. | 11312200 | Айыл чарбасына жарактуу жерлердин салыгы | 133,8 | 133,8 |
7. | 11312300 | Айыл чарбасына жараксыз жерлердин салыгы | 296,0 | 296,0 |
8. | 11361200 | Жеке адамдардын транспорт салыгы | 328,0 | 328,0 |
9. | 11412100 | Сатуудан түшкөн салык | 0 | 0 |
|
| Бардыгы: | 3258,3 | 3354,3 |
Салык эмес кирешелер. |
| |||
10. | 14152600 | Жер аренда салыгы | 150,0 | 150,0 |
11. | 1423 | Ар кандай кызматтар үчүн төлөмдөр | 565,2 | 565,2 |
12. | 11442100 | Роялти | 235,0 | 235,0 |
13. | 14151200 | Лицензияны кармап туруу | 1155,0 | 1155,0 |
14. | 14511400 | Инфра структураны көтөрүү | 130,0 | 130,0 |
|
| Теңдөөчү грант | 6743,1 | 6722,6 |
|
| Жайыт акы | 242,3 | 242,3 |
|
| Жалпы: | 12478,9 | 12554,4 |
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Барпиев. |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
С.Мамытов. |
ФЭБ башчысы: | Э.Алымкулов. |
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХХI сессиясынын №1/2 токтомуна №3-тиркеме. |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү жөнүндө мааламат
Берене | Мазмуну | Суммасы |
| Баардык чыгашалар | 12360,7 |
| Мунун ичинен |
|
2111 | Маяна үчүн | 3436,4 |
2121 | Соц. фонд төлөмдөрү | 524,9 |
2211 | Кызматтык кыдыруулар | 460,0 |
2212 | Байланыш бөлүмү | 45,0 |
2214 | Транспорт чыгымдар | 250,0 |
2215 | Дагы башка кызмат көрсөтүү | 2971,1 |
2218 | Тамак-аш азыктарын алуу | 310,0 |
2221 | Мүлктү учурдагы оңдоо | 400,0 |
2222 | Учурдагы чарбалык максаттар үчүн чыгымдар | 374,3 |
2224 | Таш, көмүр сатып алуу | 800,0 |
2231 | Комуналдык кызматтар | 1794,6 |
2721 | Калкка социалдык жардам | 200,0 |
2824 | Резервдик фонд | 124,0 |
3111 | Негизги каражаттар | 105,2 |
| Атайын каражаттар | 565,2 |
| Жалпы: | 12360,7 |
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Барпиев. |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
С.Мамытов. |
ФЭБ башчысы: | Э.Алымкулов. |
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХХI сессиясынын №1/2 токтомуна №4-тиркеме. |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдан пайдаланбай калган акча каражаттарынын бөлүнүшү.
№ | Мазмуну | ДТ | КТ | статья | бөлүм |
| 01.01.2021-жылга калдык, жалпы сумма | 5214713,23 |
|
|
|
1. | Жүгүртүүгө накталай акча каражаты |
| 217000,0 | 21111100 | 70111 |
2. | Ички жолдорду оңдоого |
| 1463540,0 | 31113320 | 70629 |
3. | Маданият үйлɵрүнүн ремонту үчүн |
| 476000,0 | 22211100 | 70823 |
4. | Трансформацияга |
| 51000,0 | 22154900 | 70629 |
5. | Ички чарбалык максаттар үчүн чыгымдар |
| 403000,0 | 31123230 | 70629 |
6. | Айыл ɵкмɵтүнɵ орг. техника |
| 170000,0 | 22221200 | 70111 |
7. | Долбоорлордун ɵздүк салымы стим грант |
| 725873,0 | 31111 | 70921 |
8. | Долбоордун ɵздүк салымы Союз МСУ |
| 697800,0 | 31111 | 70629 |
9. | Мектептердин ремонттору үчүн |
| 510500,0 | 22211100 | 70921 |
10. | Мор-Булак айылына суу кампа куруу |
| 500000,23 | 31111 | 70111 |
| Жалпы: | 5214713,23 | 5214713,23 |
|
|
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Барпиев. |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
С.Мамытов. |
ФЭБ башчысы: | Э.Алымкулов. |
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХХI сессиясынын №1/2 токтомуна №5-тиркеме. |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдан пайдаланбай калган атайын каражаттын 2021-жылга чыгымдоолор боюнча маалымат
№ | Чыгымдардын түрлөрү | суммасы | статья |
1. | 01.01.2021-жылга калдык | 71930,00 | 1423800 |
2. | Түрдүү төлөм каражаттарына | 71930,00 | 22154900 |
| Жалпы: | 71930,00 |
|
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Барпиев. |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
С.Мамытов. |
ФЭБ башчысы: | Э.Алымкулов. |