Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2021-жылдын 9-февралы № 2/1
“ Ак-Суу ЖКнин 2020-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2021-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө”
Ак-Суу ЖКнин 2020-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2021-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө ЖКнин төрагасы Э.Жоробековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу ЖКнин тɵрагасы Э.Жоробековдун 2020-жылдагы киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Ак-Суу ЖКнин 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү (1-тиркемеге) ылайык бекитилсин.
3. Ак-Суу ЖКнин жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун 2021-жылга карата жылдык иш планы бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Барпиев. |
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХХI сессиясынын №2/1 токтому менен бекитилди. №1-тиркеме. |
Ак-Суу ЖКнин 2021-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү.
к/н | Кирешелердин статьялары | сумма |
1. | 2021-жылга жайыт акы төлөмү | 539074,00 |
2. | Сырттан жайыт пайдалануучулар | 50000,00 |
3. | 2020-жылдан калган жайыт акы | 113233,00 |
4. | Кызмат көрсөтүүдөн түшө турган кирешелердин болжолу |
|
| Трактор, сеялка | 50000,00 |
| Кой кыркуудан | 40000,00 |
| Боз үй аренда акы - 19 | 22800,00 |
| Бардыгы: | 815107,00 |
1. | Жер салыгы | 68000,00 |
2. | Камсыздандыруу төлөмү 17,77 | 33000,00 |
3. | Жергиликтүү бюджетке 3/1 | 95000,00 |
4. | Жайыт инфраструтурасына | 231000,00 |
5. | Кыргыз жайыт Ассоциясына | 2000,00 |
6. | Айлык акы аппарат 3 штат | 228000,00 |
7. | Сапар чыгымы | 80000,00 |
8. | Транспорт чыгымы | 60000,00 |
9. | Концтовар алууга | 8000,00 |
10. | Ар түрдүү чыгымга | 10107,00 |
| Бардыгы: | 815107,00 |
Төрага: | Э.Жоробеков. |
Бухгалтер: | С.Болтаева. |
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХХI сессиясынын №2/1 токтому менен бекитилди. №2-тиркеме. |
Ак-Суу ЖКнин 2021-жылга карата иш планы.
к/н | Иш-чаралар | Айлар | |||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | ||
1. | Малдын бардык түрүнүн санын аныктоо | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2. | Жайыт пайдалануу планын иштеп чыгуу | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3. | Жайыт акынын ɵлчɵмүн иштеп чыгуу | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4. | Бюджетти түзүү | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5. | 2020-жылкы аткарылган иштер боюнча жалпы элге отчёт берүү |
| Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
6. | 2020-2025-жылдарга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча орто мɵɵнɵттүү планын жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун бир жылдык планын жайыт акы ɵлчɵмүн 2021-жылга , жылдык бюджеттин айылдык кеңештин сессиясына алып чыгуу жана бекитүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
7. | Мал жаюу графигин түзүү |
|
| Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
8. | Жайыт акыларды жыйноо | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х |
9. | Жайыт билеттерди берүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
10. | Жайыттардын абалына маниторинг жана жүргүзүү |
|
|
| Х | Х | Х | Х | Х | Х |
|
|
|
11. | Ички тартип эрежелерине кɵзɵмɵл жүргүзүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
12. | Сырттан келген жана каттоодо жок малдар үчүн санак жүргүзүү |
|
|
| Х | Х |
|
|
| Х | Х |
|
|
13. | Жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча пландалган иш-чаралардынаткарылышына кɵзɵмɵл жүргүзүү |
|
|
|
| Х | Х | Х | Х | Х | Х |
|
|
14. | Жайыттарды пайдалануу жана башкаруу боюнча айылдык кеңешке отчёт берүү |
|
|
|
|
| Х |
|
| Х |
|
| Х |
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХХI сессиясынын №2/1 токтому менен бекитилди. |
“Жайыттарды башкаруу боюнча жамааттын планындагы тартип эрежелер”.
1. Жайыт сезону. 1-апрелден башталат.
2. Жайыт сезону. 30-ноябрдан аяктайт.
3. Айыл ичиндеги чɵп чабынды маданий жайыт жерлер. Ортонку-Жон, Оро-Терек, Оюрма, Сɵгɵт, Кыз-Кууду, Таш-Жар, Кайналы, Шоронун Жону, Жылтыркан, Кɵл-Башат, Узун-Сай, Туюк-Жар, Алты-Эркеч.
4. Айыл жанындагы жайыт жерлер. Чүнɵт, Кызыл-Кыя, Жаман-Кыя, Кыз-Кыя, Ак-Кыя, Шүкүр-Ата, Арал-Секи, Кара-Жыгач-Колот, Кур-Айрык, Жалпактын бели, Жошонун-Бели.
5. Жакынкы чɵп чабынды маданий жана табыгый жайыт жерлер. Ак-Там, Ак-Кыя, Эшме, Сазык, Ак-Бел, Таш-Кудук, Каз, Жол-Колот, Жылкычы-Колот,Чач-Терек, Тɵɵ-Жар.
6. Жакынкы жазгы, жайкы табыгый жайыт жерлер. Чер, Бүркүт-Уя, Кара-Байыр, Сүттүү-Булак, Тескей, Кɵк-Кыя, Жаркаскан, Бурчике.
7. Жакынкы жайлоолор. Ак-Сай, Кичи-Жайлак, Сорон.
8. Алыскы жайлоолор. Миң-Бгу, Кара-Кыр, Кум-Бел, Ɵкүн, Айры-Бел, Кашка-Суу, Сары-Чечекей, Борду, Эр-Алгы, Арык-Тɵр, Чакыр-Тɵр.
9. Чаптуу табыгый жайыт жерлер. Каз, Эшек-Сай, Чай-Башат, Ал-Сейит, Кара-Күңгɵй, Кызыл-Аң, Балапан, Бүтɵɵ, Ак-Сай, Тилеке, Токтук.
10. 1-апрелден 15-апрелге чейин айыл аймактагы айылдарда жана айдоо аянтарына, маданий жайыт жерлерге жакын жайгашкан кыштоолордогу мал-жандыктар жаздоолорго кɵчүрүлсүн.
11. Бада 1-апрелден 15-апрелге чейин уюшулсун.
12. Айылда 1 (бир) баш ат, 1 (бир) саан уйдан ашык мал жандыктар калтырылбасын.
13. 1-апрелден 15-апрелге чейин тиешелүү уруксат менен белгиленген айыл жанындагы жайыт жерге, айыл башчынын кɵзɵмɵлүндɵ уй кезүү уюштурулсун.
14. Табыгый жана маданий жайыттарда ɵсүп турган чɵптɵр аркылуу мал-жандыктарды аралатып айдап ɵтүүгɵ тыюу салынат.
15. Менчиктин формасына карабастан табыгый табыгый жана маданий жайыттарда ɵсүп турган чɵптɵр аркылуу автомобиль, трактор, комбайн ж. б. транспорт каражаттары менен ɵтүүгɵ тыюу салынат.
16. Жакынкы жана алыскы жайлоолорго кɵчүү 25-майдан 10-июнга чейин.
17. 15-апрелден 1-сентябрга чейин айыл ичиндеги чɵп чабынды маданий жана табыгый жайыт жерлерге малжандык, жылкы, кара малдарды жаюуга тыюу салынат.
18. 15-апрелден 1-сентябрга чейин тиешелүү уруксаты жок айыл жанындагы жайыт жерлерге малжандык жана жылкыларды түшүрүүгɵ жана жаюуга тыюу салынат.
19. 15-апрелден 1-сентябрга чейин жакынкы чɵп чабынды маданий жана табыгый жайыт жерлерге малжандык жана жылкыларды түшүрүүгɵ жана жаюуга тыюу салынат.
20. 10-июндан 1-сентябрга чейин чаптуу табыгый эс алууга бɵлүнгɵн жайы жерлерге мал жандык менен кɵчүп барып отурууга, мал жандык, жылкыларды жаюуга тыюу салынат.
21. Жакынкы жана алыскы жайлоолордон кɵчүп келүү 1-сентябрга белгиленсин.
22. Сырттан келип уруксаты жок жайыт билет албай, жайыт пайдаланууга тыюу салынат.
23. Жайыт жер аянттарынан тийиштүү уруксаты жок чɵп чабууга болбойт.
24. Жайыт жер аянттарына катуу тиричилик калдыктарын тɵгүүгɵ тыюу салынат.
25. Башка жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын аймагында же шаардын аймагында жашаган жайыт пайдалануучулар жайыт пайдаланууну каалашса, бош жайыттар бар болсо, жайыт комитети башка аймактын жайыт пайдалануучулары үчүн жайыт билетинин баасы ɵз жайыт пайдалануучуларынан 2 (эки) эселенген баада макулдашып, жайыт билет берет жана жайыттрды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планындагы тартип эрежени аткаруу талап кылынат.
Сырттан келген жайыт пайдалануучулар жайыт комитетинин уставына негиз жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчɵсү боло алышпайт.
26. Айыл ичиндеги, айыл жанындагы, жакынкы маданий жана табигый жайыт жерлерге тиешелүү уруксаты жок бада баккандар, жеке мал баккандар, жаз, жай, күз айлары кɵчүп барып отурууга, мал жандыктарды жаюуга тыюу салынат.
Пландагы тартип эрежелерди иштеп чыккандан кийин айылдык кеңештин сессиясында бекитилет,жайыт пайдалануучулар аткарууга милдеттүү.
Бул жамааттын планындагы тартип эрежелерди бузгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Бузуулар жɵнүндɵгү Кодексинин беренелери боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынат.
Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы: |
Э.Жоробеков. |