Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2021-жылдын 9-февралы № 3/1
ООО “Нур Телекомго” убактылуу пайдаланууга келишимдик негизде жер аянтына макулдук берүү жɵнүндɵ
ООО “Нур Телекомдун” билдирүүсүнɵ негиз Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Сай айылынын Арпа-Мойнок участкасынан 25 кв м жер аянтын убактылуу 2 жылга келишимдик негизде берүү жɵнүндɵ айыл ɵкмɵтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ООО «Нур Телекомдун» билдирүүсү негиз убактылуу пайдаланууга келишимдик негизде жер аянтын берүүгɵ макулдук берилсин.
2. ООО “Нур Телекомго” 25 кв м жер аянтын 2 жыл он айга келишимдик негизде берүү жагы айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу С.Мамытовго жана айыл ɵкмɵтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин тɵрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Барпиев. |