Редакцияот 09.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы

2021-жылдын 9-февралы № 3/3

“Ак-Суу айыл аймагынын Мор-Булак калктуу конушунун кɵчүү, кɵчүп келүү, мал эмдɵɵ, айыптарды салуу маселелери жɵнүндɵ

Ак-Суу айыл аймагынын Мор-Булак калктуу конушунун көчүү, кɵчүп келүү, мал эмдөө, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү) боюнча жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Суу айыл аймагынын Мор-Булак калктуу конушунан малды көчүрүү акыркы мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленсин:

     а) Калктуу конуштардан малды көчүрүү 15-марттан 20-мартка чейин аткарылсын. (жаратылыш шарты эске алынсын).

     б) Эгин талааларына жакын жайгашкан короо сарайы бар атуулдар 15-мартка чейинки аралыкта көчүрүлсүн. (жаратылыш шарты эске алынсын).

2. Алыскы жайлоого көчүү жана кɵчүп келүү мөөнөтү тɵмɵнкүдɵй белгиленсин. (жаратылыш шарты эске алынсын).

     а) Бардык малдын түрү ветеринардык эмдөөдөн өтсүн.

     б) Тиешелүү ветеринардык документтер менен камсыз болсун.

     в) Алыскы жайлоолорго кɵчүү 20-майдан 10-июнга чейин жана кайра көчүп келүү 1-октябрга белгиленсин. ( Эрте көчүп келген атуулдарга “Бузуулар” Кодекстин негизинде айып төлөнсүн.

3. Бада алган жана берген адамдар үчүн акысы өз ара келишим баада алынсын.

4. Бада алган атуул мал кошкон малдын ээсинен малды эмдетүү боюнча ветеринардык абалын кагаз жүзүндө атуулдан талап кылынсын.

5. Ак-Суу айыл аймагынын Мор-Булак калктуу конушунун эгин аянттарына зыян келтирсе, келтирген зыян эсептелинип төлөнүп берилсин. (түзүлгөн актынын негизинде).

     - “Бузуулар” Кодексинин негизинде айыптар салынсын.

6. Ветеринардык кызмат көрсөтүү, ветеринардын эреженин негизинде малдарды эмдөө жана департаменттин белгиленген кызмат көрсөтүү акылары менен эмдөө жүргүзүү вет адистерге милдеттендирилсин.

     - Ветеринардык эмдөөлөрдү өздөрү аткарган атуулдарга “Бузуулар” Кодекстинин негизинде айып салынсын.

7. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго, вет адиси А.Сартаевге, айыл башчы А.Итибаевге, ЖКнын төрагасы Э.Жоробековго милдеттендирилсин.

8. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү Т.Жумабаевге жүктөлсүн.

9. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

10. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

С.Барпиев.