АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2021-жылдын 9-февралы № 3/5
“Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык Аксы райондук мамлекеттик статистика бɵлүмү менен Ак-Суу айыл ɵкмɵтүнүн ортосундагы келишимди бекитүү жɵнүндɵ”
Ак-Суу айыл ɵкмɵтүнүн экономист-статистикалык жетектɵɵчү адиси Т.Таберикованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы райондук мамлекеттик статистика бɵлүмү менен Ак-Суу айыл ɵкмɵтүнүн ортосундагы келишим тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Келишимдин шарттарын аткаруу жагы айыл ɵкмɵтүнүн экономист-статистикалык жетектɵɵчү адиси Т.Табериковага милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин тɵрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Барпиев. |