АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2021-жылдын 9-февралы № 3/9
“Ак-Сай айылынын тургуну Т.Барпыбаевге арызына негиз жардам берүү жɵнүндɵ”
Ак-Сай айылынын С.Дүйшебаев кɵчɵсүнүн тургуну Т.Барпыбаевдин үйү белгисиз себептерден улам күйүп кеткендигине байланыштуу, Ак-Суу айыл ɵкмɵтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатынан жардам кɵрсɵтүү жɵнүндɵ, айыл ɵкмɵтүнүн ɵзгɵчɵ кырдаалдар боюнча адиси К.Орозбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айылынын С.Дүйшебаев кɵчɵсүнүн тургуну Т.Барпыбаевдин арызына негиз ɵзгɵчɵ кырдаалдарга каралган акча каражатынан 50 000 (элүү миң) сом акчалай жардам кɵрсɵтүүгɵ макулдук берилсин.
2. Берилген акча каражатын мыйзам ченемдүү бɵлүп берүү жагы айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин тɵрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Барпиев. |