АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 1
“Ак-Суу айыл аймагында көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү) жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагында көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү) боюнча жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардан малды көчүрүү акыркы мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленсин:
а) Калктуу конуштардан малды көчүрүү 1-апрелден 15-апрелге чейин аткарылсын. (жаратылыш шарты эске алынсын).
б) Эгин талааларына жакын жайгашкан короо сарайы бар атуулдар 1-апрелден 15-апрелге чейинки аралыкта көчүрүлсүн. (жаратылыш шарты эске алынсын).
2. Алыскы жайлоого көчүү мөөнөтү 20-майдан 10-июнга чейин көчүү белгиленсин. (жаратылыш шарты эске алынсын).
а) Бардык малдын түрү ветеринардык эмдөөдөн өтсүн.
б) Тиешелүү ветеринардык документтер менен камсыз болсун.
в) Кайра көчүп келүү 1-сентябрга белгиленсин.
( Эрте көчүп келген атуулдарга “Бузуулар” Кодекстин негизинде айып төлөнсүн.
3. Ак-Суу айылынын калк жашаган конуштарда 1 баш саан уй жана 1 баш менчик атка уруксат берилсин. (кайтарылсын, аркандалсын).
- Айылда мал алып калгандарга ар бир баш ашыкча мал үчүн “Бузуулар” кодексине негиз айыптар салынсын.
- Тартип бузуу кайталанса айыптын суммасы “Бузуулар” Кодексине негизинде чара көрүлсүн.
4. Ар бир айылда кезүүгө 50 уйга 2 кунандан жашы өйдө букага уруксат берилсин.
5. Бадачы бадага малды кайсыл жерден алса, күзүндө ошол жерден таркатылсын, айылга киргизилбесин.
6. Кичи-Жайлак, Току, Ак-Сайга мал жандык менен чыгууну токой чарба менен биргеликте сүйлɵшүп чечүү жайыт комитетинин тɵрагасы Э.Жоробековго милдеттендирилсин.
7. Бада алган жана берген адамдар үчүн акысы чоң жайлоого 70 сом, жакынкы жайлоолорго 60 сом деп бекитилсин.
8. Ар бир бадачы менен жайыт комитетинин ортосунда келишим түзүлсүн.
9. Бада алган атуул мал кошкон малдын ээсинен малды эмдетүү боюнча ветеринардык абалын кагаз жүзүндө атуулдан талап кылынсын.
10. Ак-Сай, Ымам-Ата, Төө-Басты, Коргон-Дөбө айылынын жанындагы жайытка бада баккандар, кышкы жайытта короо-сарайлары бар жайыт пайдалануучулар көчүп келип жайытка отурса кара мал, эшек, жылкыга, жандыкка “Бузуулар” Кодексинин негизинде айып пул салынсын.
11. Ак-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарына эгин, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирген зыян эсептелинип төлөнүп берилсин. (түзүлгөн актынын негизинде). Айып акы төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- 1- ирээтте бир баш кара малга, жылкыга “Бузуулар” Кодексинин негизинде айыптар салынсын.
- Эскертүү: айып акы катталбаган малга 2 эседен жогору бекитилсин.
- Сырттан малы менен көчүп келген атуулдарга “Бузуулар” Кодексинин негизинде айып салынсын жана көчүрүлсүн.
12. Ветеринардык кызмат көрсөтүү, ветеринардын эреженин негизинде малдарды эмдөө жана департаменттин белгиленген кызмат көрсөтүү акылары менен эмдөө жүргүзүү вет адистерге милдеттендирилсин.
- Ветеринардык эмдөөлөрдү өздөрү аткарган атуулдарга “Бузуулар” Кодекстинин негизинде айып салынсын.
13. Айыл аймагындагы калктын малын көчүрүү, жайгаштыруу жайытты сактоо (жазгы, жайкы, күзгү, кышкы) жайыттарды белгилөө жана жайыт билеттери менен чыгаруу ЖКне милдеттендирилсин.
14. Суу мурап акысы суу пайдалануучулар менен суу мураптын ортосундагы келишимдин негизинде 70 сомдон 100 сомго чейин жүргүзүлсүн.
15. Токтомдун аткарылышына айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго, вет адиси А.Сартаевге, айыл башчылар: Д.Шакиевге, С.Кыдыралиевге, О.Эшкараевге, С.Үрүсбаевге, ЖКнын төрагасы Э.Жоробековго милдеттендирилсин.
16. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү Т.Жумабаевге жүктөлсүн.
17. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
18. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
19. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: | С.Барпиев. |