Редакцияот 24.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы

2021-жылдын 24-марты № 3/1

«КРнын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруучулар союзунун Щвецария ɵкмɵтү тарабынан, Ɵнүктүрүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы аркылуу каржыланып жаткан “Жергиликтүү денгээлде кызматтарды жакшыртуу” долбоорун каржылоодо кайтарымсыз берилип жаткан акча каражатынын кирешесин жана чыгашасын кароо жөнүндө»

“Жергиликтүү денгээлде кызматтарды жакшыртуу” долбоорун каржылоого кайтарымсыз берилип жаткан акча каражатынын кирешелери жана чыгашалары боюнча Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет жана финансы комитетинин жана айыл ɵкмɵтүнүн инвестиция тартуу боюнча жетектɵɵчү адиси К.Мусабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. КРнын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруучулар союзунун Щвецария ɵкмɵтү тарабынан, Ɵнүктүрүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы аркылуу каржыланып жаткан “Жергиликтүү денгээлде кызматтарды жакшыртуу” долбоорун каржылоодо кайтарымсыз берилип жаткан 700 000 (жети жүз миң) сом акча каражаты айыл ɵкмɵтүнүн атайын каражаттар бɵлүмүнүн 144111 беренесинин керешесине учурдагы жардам катары киришке алынсын.

2. “Жергиликтүү денгээлде кызматтарды кɵрсɵтүү” долбоорун аткарууда ɵздүк салым жана техникалык кɵзɵмɵлдɵɵ жумуштары үчүн каралган 279 843,00 (эки жүз жетимиш тогуз миң сегиз жүз кырк алты) сом акча каражаты 70629 бɵлүмүнɵн 70111 атайын каражаттар бɵлүмүнɵ которууга макулдук берилсин.

3. “Жергиликтүү денгээлде кызматтарды кɵрсɵтүү” долбоорун аткарууда жалпы сметасы 979 800,00 (тогуз жүз сетимиш тогуз миң сегиз жүз) сом акча каражаты атайын каражаттар бɵлүмүнүн 3111 беренесинен тратуар курууда чыгымдоого алууга макулдук берилсин.

4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы финансы жана бюджет комитетинин тɵрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

С.Барпиев.