Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 10-августу № 13/3
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы Ташкоргон айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан 1,4 га жер аянтын мал базар ачуу үчүн жайыт жер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы Ташкоргон айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан 1,4 га жер аянтын мал базар ачуу үчүн жайыт жер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ташкоргон айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан 1,4 га жер аянты мал базар ачуу үчүн жайыт жер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер категориясына которулгандан (трансформациялоого) кийин аукцион аркылуу берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Галботоев |