Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 10-августу № 13/5
“Кара-Дөбө” айыл чарба кооперативинин жерин айыл өкмөт балансына алуу жөнүндө
“Кара-Дөбө” айыл чарба кооперативинин жери 1992-жылы 17-мартында Эл депутаттарынын Кадамжай райондук Кеңешинин президумунун №222 сандуу токтому менен 30 жылдык мөөнөткө А.Ташовко ижарага берилген бүгүнкү күндө №005691 мамлекеттик акт негизинде 2022-жылдын 17-апрель айында ижара мөөнөтү аяктагандыгына негиз жана А.Масалиев айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Дөбө” айыл чарба кооперативинин жери А.Масалиев айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Айыл өкмөт балансына өткөрүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Д.Маматкуловко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Галботоев |