Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 10-августу № 13/6
Кара-Дөбө айылынын тургуну Ю.Хасановко Ош-Баткен-Раззаков автожолундагы муниципалдык менчиктеги 280 ч.м. жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы Кара-Дөбө айылынын тургуну Ю.Хасановдун өзүнүн жеке менчигинде турган чайханасы менен Ош-Баткен-Раззаков автожолунун ортосундагы муниципалдык менчиктеги 280 ч.м. жер тилкеси Ю.Хасановко көз карандысыз мүлктү баалоочу тарабынан коюлган баага түз сатуу жолу менен берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Д.Маматкуловко жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Галботоев |