Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 25-ноябры № 15/1
А.Масалиев айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы №12/6 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
А.Масалиев айыл өкмөтүндө калктуу конуштарды кеңейтүү жана айыл тургундарын турак жай менен камсыздоо максатында жайыт жер аянттарын калктуу конуштар категориясына трансформациялоо боюнча А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Юнусалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү жана айыл тургундарын турак жай менен камсыз кылуу максатында Алыш айылынын түндүк-батыш тарабындагы №20 контурында жайгашкан 35.4 га таштуу жайыт жер аянты, №27 контурунда жайгашкан 14.6 га таштуу жайыт жер аянты жана Кожо айылынын түштүк-батыш тарабындагы №1 контурларында жайгашкан 89.1 га таштуу жайыт жер аянты, 2.90 га жер аянты суу астындагы жерлер ( кургак сай), №7 контурунда жайгашкан 8.0 га таштуу жайыт жер аянты; жалпы 150.0 га жер аянтты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы 147.1 га таштуу жайыт жер, 2.90 га суу астындагы жерлер (кургак сай) түрүнөн,“Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Б.Ахмедовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Галботоев |