Загрузка документа…
(А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-июнундагы №21/2 токтомунун редакциясыны ылайык күчүн жоготту)
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2022-жылдын 9-декабры № 16/1
(А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-июнундагы №21/2 токтомунун редакциясыны ылайык)
А.Масалиев айыл өкмөтүндө жер аянттарын аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана муниципалдык менчикте турган жер аянттарын жерге укук берүү боюнча комиссиялардын курамын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүндө жер аянттарын аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча төмөнкү комиссиянын курамы бекитилсин.
1. Т.Каимов – айылдык кеңештин айыл чарба боюнча комиссиясынын төрагасы, комиссиянын төрагасы (макулдугу менен)
2. Б.Ахмедов – айыл өкмөт башчысы;
3. Ф.Надирова – жооптуу катчы;
4. А.Юнусалиев – жер адис;
5. Ж.Арзиев – айылдык кеңештин депутаты(макулдугу менен);
6. М.Мадисаева – айылдык кеңештин депутаты(макулдугу менен);
7. К.Абдурахманов – айыл башчы;
8. П.Умаралиева – аялдар кеңешинин мүчөсү;
9. Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү.
2. Куруу, жерди пайдалануу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана мыйзамдаштыруу боюнча төмөнкү комиссиянын курамы бекитилсин;
1. Т.Галботоев – айылдык кеңештин төрагасы;
2. У.Астанаев – айылдык кеңештин депутаты(макулдугу менен);
3. Ж.Масалиев – айылдык кеңештин депутаты(макулдугу менен);
4. А.Юнусалиев – жер адис;
5. Ф.Надирова – жооптуу катчы;
6. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин өкүлү;
7. Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкүлү.
3. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-августундагы №4/1 сандуу токтому жокка чыгарылсын деп табылсын.
Төрага: | Т.Галботоев |