Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2022-жылдын 9-декабры № 16/2
А.Масалиев айыл аймагынын Көн айылындагы “Алтын – Уя – Көн ” балдар бакчасынын жана Алыш айылындагы “Ак – Ниет Алыш” балдар бакчасынын жаңыдан курулуучу имаратына жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагынын Көн айылындагы “Алтын-Уя-Көн” балдар бакчасынын жаңыдан курулуучу имаратына муниципалдык менчикте турган А.Орозбеков атындагы орто мектебинин жеринен 0,60 га жер аянтын жана Алыш айылындагы “Ак Ниет – Алыш” бала бакчасынын жаңыдан курулуучу имаратына Козубай атындагы орто мектебинен 0,40га жер аянттары ажыратылып берилсин.
2. Аталган бала бакчалардын жаңыдан курулуучу имаратына айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Галботоев |