Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2022-жылдын 9-декабры № 16/5
“Бай –Бол Нуру” Жоопкерчилиги чектелген коомунун 2022-жылдын 21-ноябрындагы №21 сандуу катын кароо жөнүндө
“Бай –Бол Нуру” Жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү Камил Мендибаевдин “Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнүн потенциалын жогорулатуу” программасын ишке ашыруу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнүн потенциалын жогорулатуу” программасын ишке ашыруу максатында А.Масалиев айыл аймагына тиешелүү болгон Тегирмеч участкасынан Исфайрам дарыясына курулуучу Аустан ГЭСини куруу үчүн “Бай –Бол Нуру” Жоопкерчилиги чектелген коомуна 43,54 (кырк үч бүтүн жүздөн элүү төрт) га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө социалдык пакеттер, элди суу менен өз убагында камсыз кылуу, Уч-Коргон – Теңизбай жолунда элдер үчүн эч кандай көйгөйлөр жаралбастан иш жүргүзүү жагы “Бай –Бол Нуру” Жоопкерчилиги чектелген коомуна милдеттендирилсин.
3. Жумушчу орун 50%ы А.Масалиев айыл өкмөтүнөн тартылсын.
4. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Суралган жерде курулуш иштери 3 (үч) жылдын аралыгында башталбаган болсо токтом өз күчүн жоготсун.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кенешинин социалдык маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Галботоев |