Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 26-майы № 12/6
А.Масалиев айылдык кеңешинин 2021-жылдын 8-октябрындагы №6/4 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
А.Масалиев айыл өкмөтүндө калктуу конуштарды кеңейтүү жана айыл тургундарын турак жай менен камсыздоо максатында жайыт жер аянттарын калктуу конуштар категориясына трансформациялоо боюнча А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Юнусалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы Алыш айылынын түндүк-батыш тарабындагы №20-27- контурларындагы 50,0 га жер аянты жана Кожо айылынын түштүк-батыш тарабындагы №1-7- контурларындагы 100,0га жер аянтты, таштуу жайыт жер аянттары “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына трансформацияланууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Д.Маматкуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Галботоев |