Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 26-майы № 12/1
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык болунушу Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттун жана жазма буйругун кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык болунушу Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчетту жана жазма буйругу аткарууга алынсын.
2. Кетирилген кемчилдиктерди 2022-жылдын 1-июнуна карата толугу менен бүткөрүү жагы каржы бөлүмүнүн башчысы М.Исажановго жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Галботоев |