Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 26-майы № 12/4
Таш -Коргон айылындагы жаңы конушка Рахмоналиев Музробтын атын ыйгаруу жөнүндө
Таш-Коргон айылынын тургундарынын чогулушунун чечимин угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 сандуу “КР Өкмөтүнүн алдындагы админстрациялык-аймактык түзүлүштүн маанилерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволар аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Коргон айылынын жаны конушундагы Рахмоналиев Фуркаттын үйүнөн баштап Нурахмедов Ойбектин үйүнө чейинки көчө Рахмоналиев Музроб аты менен аталсын.
2. Таш-Коргон айылындагы Рахмонолиев Музробтын аты менен аталган көчөнүн оңдөп-түзөө, көрктөндүрүү иштери Рахмоналиев Музробтын жакындарына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Галботоев |