Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 26-майы № 12/5
Мектеп балдарынын коопсуздугунун алдын алдын алуу максатында көчөгө жалган полиция (лежачий полиция) коюууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон Теңизбай авто жолундагы Амур Темур атындагы жана Козубай атындагы орто мектептеринин тушуна, Уч-Коргон Чаувай авто жолундагы Т.Мадарипов атындагы орто мектебинин тушуна жалган полиция (лежачий полиция) жана жол белгилерин коюууга Кадамжай райондук жол тейлөө мекемесине макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Галботоев |