Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2022-жылдын 13-майы № 11/1
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы автомобиль жолдорунун категориялары боюнча жол четиндеги жерлерди №46 Кадамжай райондук жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын 2022-жылдын 30-мартындагы №01-33/843 сандуу катына ылайык, А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы автомобиль жолдорунун категориялары боюнча жол четиндеги жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комуникациялар министрлигинин №46 Кадамжай райондук жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөт башчысынын орун басары М.Хакимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы автомобиль жолдорунун категориялары боюнча Ош-Исфана 92 – 96 км. 112000 м2 жол четиндеги жерлер №46 Кадамжай райондук жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Галботоев |